27.06.2018 12:03

Жээнбеков: Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу- бул реформанын негизги максаты

Жээнбеков: Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу- бул реформанын негизги максаты

Жогорудагы жетишкендиктерге карабастан, өлкөнүн учурдагы абалы өзгөртүүлөргө муктаж, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөө учурунда. Бүгүн президент эл өкүлдөрүнүн отурумуна катышты. 

Буга чейин жасалып келген жакшы иштерди тизмектеп чыккан президент  «учурда кечиктирбей чечүүнү талап кылган маселелер көбөйдү», -деп билдирди.

«25 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы анчалык өнүгүү  жана  туруктуу өсүү темпине ээ боло албады. Региондордун ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок. Инвестиция тартуу үчүн мыйзам жагынан жакшы нормалар жазылып, керектүү укуктук база түзүлгөн. Бирок, өлкөбүздө инвестициялык климат талапка ылайык деңгээлде көтөрүлө албады. Ачыгын айталы, биздеги коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө  бурулуп кетти. Рынок экономикасынын негизин түзгөн эки институт: менчикти коргоо жана келишимди сактоо укугу толук камсыздалган жок. Рейдерликке жол ачкан учурлар болду. Коомубузда криминалдын баш көтөрүүсүнө көз жумду мамиле жасалды. Мамлекеттик башкарууда тар чөйрөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого жол берилген учурлар болду. Ушунун кесепетинен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилди. Коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар, сот жана укук коргоо органдары өзүлөрү адилет болбой жатканына жарандардын нааразычылыгы болуп келди. Бул маселелерди Коопсуздук Кеңешинде, кийинчерээк сотторду реформалоо кеңешинде дагы көтөргөм. Бул багытта иштер башталды, бирок маселе курч бойдон калууда», -деди Жээнбеков. 

Ошондой эле, өлкөдөгү кадрлар маселесине токтолуп, «Азыркы учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таңкыстыгы байкалууда. Квалификациясы жогору адистерди ишке тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза конкурс, атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу бул реформанын негизги максаты. Мамлекеттик органдарга таза кадрлардын келиши- залда отургандардын колунда»  деп билдирди президент эл өкүлдөрүнө кайрылып.